Бул тууралуу Ооганстанга жардам көргөзүүнү координациялоо боюнча агенттиктин жаңы жарыялаган иликтөөсүндө айтылат. Иликтөө баш кеңсеси Британияда жайгашкан Oxfam борбору тарабынан тарабынан даярдалган. Алардын эсебинде, Ооганстандагы долбоорлорго Батыштан бөлүнгөн акчанын 40%ы кайра эле кызматкерлердин айлыктары жана контракчыларга төлөнгөн акча аркылуу ошол өлкөлөрдүн өзүнө кайтарылган. Иликтөөдө белгиленгендей, 2001-жылдан бери эл аралык коомчулук Ооганстанга 25 миллиард доллар убада кылган, азыркыга чейин анын 15 миллиарды эле берилди. Убадаларын аткара албай калгандар арасында АКШ, Еврокомиссия, Германия бар. Иликтөөдө келтирилген маалыматка караганда, АКШ армиясы Ооганстандагы аскерий операциялары үчүн күнүнө 100 миллион доллар коротот, ал эми баардык донорлор жардам үчүн сарптап жаткан каражат күнүнө 7 миллион долларды гана түзөт.