Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Ирактын түштүгүндө айгышкан уруш жүрүүдө


Мунайга бай Басра шаарында ирактык күчтөр шийиттердин радикал динаятчысы Моктада ас- Садрдын согушкерлерине каршы операция өткөрүп жатат. Маалыматтарга караганда андан азыркыга чейин кеминде 12 адам өлдү, дагы бир нече киши жаракат алды. Ирактын премьер- министри Нури ал-Маликинин жеке көзөмөлүндө турган операцияга Басрадагы британ аскерлери тартылган жок. Алар шаарды көзөмөлдөөнү ирактыктарга былтыр декабрда өткөрүп берген. Шийиттердин радикал имамы ас- Садрдын "Мехди" деп аталган армиясы былтыр августан бери жарашуу жөнүндөгү макулдашууну сактап келген эле, бирок кырдаал соңку апталарда анын айрым жактоочулары камакка алынгандан кийин өзгөрдү. Башкаала Багдадда бүгүн ас-Садрдын колдогон жүздөгөн шийиттер нааразылык акциясын өткөрүштү. Ас-Садрдын өзү болсо эгер анын согушкерлерине каршы рейд улана берсе, жактоочуларын жарандык баш ийбөө акциясына чыгууга чакырарын эскертти.

XS
SM
MD
LG