Өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан шаарда Ирактын коопсуздук күчтөрү менен шииттердин куралдуу топтору кармашууда. Акыркы маалыматтар боюнча, андан 12 киши каза таап, көптөгөнү жарадар болду. Шиит топтору радикал лидер Моктада аль-Садрдын тарапкерлери экени маалымдалууда. Британ аскерлери Басра шаарын Ирак коопсуздук күчтөрүнө өткөн жылы декабрь айында өткөрүп берген.