Кечээ “Мен ишенбейм” кыймылынын жана “Ата Мекен” партиясынын жаштар канатынын алты мүчөсү Биринчи май райондук соту тарабынан Административдик кодекстин 392-беренеси, митингди өткөрүү эрежелерин бузган жана 371-берене, милиция кызматкерлерине баш ийбөөчүлүк, деп айып тагылып, Азамат Жаңыбаевге эки миң сом, Айбек аттуу жигитке бир миң сом айып пул тагылды. Калган төртөөнүн иши райсотто жума күнү каралат. 24-мартта аталган кыймылдын мүчөлөрү саясий акция өткөрүп тартип коргоо кызматкерлери аларды саясий иш чара өткөрдү дешип кармап кетишкен эле. (AJ)