Бул тууралуу билдирген “Ата Мекен” партиясынын жаштар канатынын лидери Жоомарт Сапарбаевдин айтымында, кыймылга мүчө студенттерге алар окуган жогорку окуу жайдын декандары, мугалимдери тарабынан ар кандай коркутуулар болууда. “Бирок ал студенттер кыймылдан чыгуунун ордуна, тескерисинче өздөрүнүн саясий көз караштарын, тажрыйбасын байытууда. Айрым окуу жайлардан биздин кыймылды колдоп жаштар келгени менен массалык түрдө кыймылды колдоодон айбыгып турушат”,-дейт Сапарбаев. (AJ)