Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

12:51 М. Йованович: Тынч митингдерге болгон чектөөлөр өлкө Конституциясын жана бир топ эл аралык нормаларды бузууда


Бул тууралуу Кыргызстандагы пикир билдирүү эркиндигине арналган тегерек стөл үстүндөгү талкууда билдирген АКШ элчиси шаар бийликтерин митинг-пикеттерди өткөрүүгө коюлган чектөөлөрдү кайрадан карап чыгууга чакырды. М. Йовановичтин айтымында, эл аралык тажрыйбадан айрымаланып, Бишкек шаарында тынч митингдерди өткөрүү тартиби жыйындын масштабын эске албайт. “Тынч митинг тууралуу шаар бийликтерин 10 күн мурун маалымдоо зарыл жана акция айрым жерлерде гана өтө алат деген жоболор аша чаап кетүүдө. Маселен, жакында жөн гана көчө бойлой басып келе жаткан жаштардын милиция тарабынан кармалып, соттолушу бийликтин коомду көзөмөлгө алуу максаты адам укуктарынан өйдөрөөк коюлуп жатканын көрсөтүүдө”, - деп билдирди М. Йованович. Пикир билдирүү эркиндигине арналган бүгүнкү тегерек стөлгө укук коргооочулар, бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана журналисттер катышышты. Омбудсмен Турсунбек Акун жыйындан тез эле кетип калды. Ал эми талкууга чакырылган бийликтин жана оппозициянын өкүлдөрү жыйынга такыр келген жок деп маалымдады өз кабарчыбыз. (JTo)

XS
SM
MD
LG