Улуттук илимдер академиясынын алдындагы сейсмология институтунун божомолдоосу боюнча, Кыргызстанда кезектеги сейсмикалык активдүүлүктүн мезгили башталууда. Үстүбүздөгү жылы Чүй жана Талас аймагында күчү анчалык жогору эмес, ал эми 2012-2016 – жылдары күчү 7-8 баллга жеткен зилзалалар болушу мүмкүн. Ысыккөлдүн Кытай менен чектеш тоо аймагында да 2010-2012 жана 2014-2016 – жылдары жер силкиниши мүмкүн. Нарын облусундагы Орто Тяньшан аймагында 2015-жылга чейин күчү 7-8 баллга жеткен жер титирөө болушу ыктымал. Мындан сырткары Алай аймагында да сейсмикалык активдүүлүк уланып, 2014-2016-жылдары 8-9 баллдык силкинүү болушу божомолдонууда деп билдиришти институттун өкүлдөрү бүгүнкү маалымат жыйынында. (JTo)