Бул тууралуу Медиа Өкүлчүлүк институтунун башчысы Илим Карыпбеков “Фридом Хаус” уюму тарабынан өткөрүлгөн бүгүнкү талкууда айтты. Анын пикиринде, Кылмыш кодексинде журналисттерди ушак-айың таратып, адамдын абийирине шек келтиргени үчүн жазага тартууну шарттаган беренени гумандаштыруу аракеттеринен майнап чыкпай келет. Ошондуктан берене толугу менен кодекстен алынбаса да, жок дегенде, “эркиндигинен ажыратууну” деген жерин алып салуу зарыл. Кыргызстанда жылына жок эле дегенде 5-6 журналист ал берене боюнча соттолот, деп билдирди И.Карыпбеков. Анын айтымында, бул иштердин бирөөсүндө да журналист атайылап ушак-айың таратканы далилденбегенине карабай, дээрлик баардык учурда аны жазага тарткан өкүм чыгарылат. Соттор иштерди кароодо макала канчалык деңгээлде адамдын абийирине шек келтирээрин аныктоо үчүн тилчилерди, же башка адистерди чакырбай, өздөрү эле акыркы баасын чыгарып коюшат, деп билдирди И.Карыпбеков. (TD)
14:31 И.Карыпбеков: Журналисттерди кылмыш жазасына тарткан беренени толук алып салууга мүмкүн эмес