Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:20

14:40 Беш адамдан турган өкмөттүк комиссия Монголияга барып келди


Бул тууралуу билдирген Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабековдун айтымында, кырк тоннанын тегерегинде алтын чыгаруучу Центерранын “Боро” кенинен Монголиянын бюжетине салыктан эле 180 млн. доллар түшүптүр. Ал эми “Кумтөрдөн” 191 тонна 200 килограмм алтын казылып сатылса, мамлекетке болгону 170 млн. доллар түшкөн. “Монголиянын өкмөтү чет элдиктер менен алтын казууда туура саясат жүргүзүп, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөшкөн. Биздин чиновниктер өздөрүнүн кызыкчылыктарын ойлоп, мамлекетке олуттуу зыян алып келишкен”,-дейт Исабеков. Ал ошондой эле алтын маселеси боюнча Монголиядан алынып келинген документтер монгол жана англис тилинен которулгандан кийин коомчулукка жарыялана тургандыгын билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG