Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:22

17:25 № 16 жаза өтөө жайындагы 681 адам бүгүн ачкачылык акциясын токтотушту


19-марттан бери ачкачылык акциясына чыккан 300 адам өздөрүнүн кан тамырын кесип, калгандары ооздорун тигип алышкан болчу, дейт аталган колонияда жаза өтөп жаткан Алмаз Кудайбергенов. Анын айтымында, абактагылар жашоо шартынын начардыгынан, укуктары тебеленип жаткандыгынан улам ачкачылык жарыялаган. Адилет министрлигинин өкүлү абакта кырдаал турукташкандыгын, түрмөдөгүлөр мыйзамга ылайык келбеген шарттарды талап кылышкандыгын билдирди. №27-колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Канат аттуу жигит 19-колониядагы ачкачылык акциясын колдошоорун, 27-колониядагы бир миңге чукул адам дары-дармек менен камсыз болушпагандыгын, эгерде абактагыларды ушундай оор шартта кармоо улантылса 24-марттагыдай окуя келип чыгышы мүмкүн экендигин “Азаттыкка” кабарлады. (AJ)

XS
SM
MD
LG