Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:20

19:54 Ататүрк багындагы мыйзамсыз курулуштарды Архитектура жана курулуш агенттигинин комиссиясы иликтейт


Архитектура жана курулуш агенттиги Бишкекте Ататүрк багындагы архитектуралык эстелик үйдү мыйзамсыз бузууга айыптууларды аныктоо үчүн комиссия түзүп иликтеген жатат. Ата түрк багында мыйзамсыз курулуштарга жол бергендердин жоопкерчилиги жөнүндө агенттиктин коллегиясында катуу сөз болду. Коллегиянын чечимине ылайык, комиссия бир жумалык мөөнөттө бул маселе боюнча айыптууларды аныктап чыгышы керек. Айрыкча Ататүрк багында атка минерлерге үй курууга жер участкаларын кесип берүүнүн мыйзамдуулугуна көңүл бурулушу керек. “Ататүрк багындагы курулуш боюнча коомдук резонансты эске алып, кызматтык иликтөө болуп жаткан мезгилде жана кийинки чечимдер кабыл алынгычакты, бул объектиде ар кандай курулуш жүргүзүүгө тыюу салынышы керек”,-деп баса белгиледи Архитектура жана курулуш агенттигинин башчысы Каныбек Нарбаев. Коллегия ошондой элеБишкектин башкы архитектору Онушбек Турсунбаевдин баш калаада бирдиктүү курулуш саясатын жүргүзүүдө кетирген олуттуу кемчиликтерин белгиледи. Мындай маалыматты бүгүн аталган агентиктин басма сөз кызматы таратты.(KCh)

XS
SM
MD
LG