Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:08

К. ИСАБЕКОВ "ЦЕНТЕРРАНЫН" МОНГОЛИЯДАГЫ КЕНДЕРИН ЧАЛГЫНДАП КЕЛДИ


Жогорку Кеңештин вице-спикери Кубанычбек Исабеков жакында Монголияга барып, "Центерра голд” компаниясына караштуу ал жактагы алтын кендери кандай иштеп жаткандыгын иликтеп таанышып кайтты.

-Кубанычбек мырза, кечээ Монголиядан келиптирсиз, ал жакка сиз “Боро” компаниясындагы ал-акыбал менен таанышканы барганыңыз боюнча кабар бар. Мына ошол иш сапарыңызда эмнелерге күбө болдуңуз, кандай жыйынтык чыгардыңыз?

- Беш кишиден турган делегация барганбыз. Өкмөттөн токтом чыгып, комиссия түзүлгөн. Биз “Кумтөр” маселеси боюнча бардык. “Центерраны” түзгөндө Монголиянын дагы “Боро” менен “Гацурт” деген кендери кирген экен. Ошол бар бекен, чындыгы канча экен, калпы канча экен, канча алтын казылынып алынган экен, анын акчасы канча болуптур, кайда кетти, Кыргызстандын үлүшү канча экен, биз ушул маселелерди коюп келдик. Мен парламентине дагы жазуу түрүндө кайрылгам. Парламентинин жетекчилиги менен да жолуктум, ошол жерде соода жана өнөр жай министри менен да жолуктум. Мамлекеттик тоо кендери боюнча ассоциациясы бар экен, алардын жетекчилиги менен, адистери менен да, Джон Казаков деген “Боронун” президенти менен да жолуктук. Алтын казган фабрикага да бардык. Эл менен жолугуп сүйлөштүк. 3-4 күндүн ичинде мыйзамдарын карадык, бир топ документтерин алдык.

Бизге канадалыктар документтерди берген жок. Бирок парламентинен жана министрликтен бир топ материалдарды алдык. Мамлекеттин бюджетине 180 млн. доллар акча түшүптүр. Ал “Боро” кени 40 тоннанын тегерегинде эле кен экен. Болгону 3 жылга салыктардан бошоткон экен. Биздики болсо 10 жыл бошоткон мыйзамсыз. Бизде 191 тонна 200 кг. алтын казылып сатылса, алганыбыз 180 миллиондун тегереги болуп атат. Аларда 34 тонна эле казылып сатылган алтындан 180 млн. доллар таап алышыптыр. Бул мамлекетинин, өкмөтүнүн саясаты туура эле болгон деп эсептейм. Алтын казып алуудагы чыгымдары Кумтөрдүкүнө караганда аз. Бирок ошол эле маалда мамлекеттин кызыкчылыгы аларда жогору турат.

- Кумтөр боюнча түзүлгөн комиссия Монголияга барып келгенден кийин кандай иш аракеттерди көрөлү деп атасыздар эми?

- Биз азыр материалын котортуп бүтсөк, комиссиянын жыйынтык ишин справка түрүндө жазабыз. Андан кийин парламентке дагы таратып беребиз, өкмөт башчысы менен президентке сөзсүз түрдө беребиз.

- Кумтөр маселеси боюнча дагы Америкадагы бир компанияга барат деген маалымат уктук эле, ошого качан барасыздар?

- Биз ага үлгүрө элекпиз, азыр документтерибизди элчиликке өткөрүп атабыз. Анан ким барат, ким коет аны премьер-министр дагы карап чыгат болуш керек. Анткени финансылык маселелер бар бул жерде. Америкадагы Невада штатында “Рен” деген кен бар деп “Центерага” кирген. “Рен” кени бар бекен, жок бекен. Биздеги маалымат боюнча 700 метр тереңдикте, ортосунда суу бар, кендин запасы анча көп эмес дейт. Чыгымдары көп болсо кендин пайдасы барбы, жокпу, ал кимдики, кимдин лицензиясы бар, ал жер кимге тиешелүү деп мамлекеттик органдарына да суроо талап жибергенбиз. Мен тилекке каршы жооп ала элекмин. Элчиликтер, Кыргызстандын Тышкы иштер министри менен бул маселе боюнча иштеп атам.

- Бүгүн Бишкек район аралык соту сиздин доо арызыңыз боюнча ишти кармак эле, бөлөк күнгө жылдырыптыр, анын себеби эмнеде болду?

- Биринчиден, виза ачылдыбы десек, визабыз ачыла элек болуп атат. Ачылып мүмкүн бүгүн, же кечээ учуп кетет элек. Ошого байланыштуу комиссия барып келгенге чейин сот токтоло турсун деген ойдо болчумун. Азыр район аралык соттун төрайымы Качкыналиева эжеге чалсам, сот дагы ооруп атат деп жооп берди.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG