Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Франциянын президенти Британиядагы мамлекеттик визитин баштады


Николя Саркози Франциянын Британияга соңку он эки жылда мамлекеттик визит менен келген алгачкы президенти. Иш сапарын утурлай ал эки өлкө иммиграция, террорчулукка каршы күрөш өңдүү маселелерде тыгыз кызматташуусу зарыл экенин белгиледи. Николя Саркози Лондондо британ өкмөт башчысы Гордон Браун менен кездешет жана парламенттин кош палатасында сөз сүйлөйт. Француз президентин бул мамлекеттик сапары учурунда аны жаңы жубайы Карла Бруни коштоп жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG