Президент Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев менен кошо өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Альнур Мусаев төңкөрүш жасоону көздөгөнү үчүн айыптуу деп табылды. Алардын экөөсү тең Казакстанда жок болгондуктан сырттан соттолушту жана сот жабык эшик артында өттү. Мындан мурда, быйыл январда эле жарандык сот да Рахат Алиев менен Альнур Мусаевди адам уурдоого, күч менен тоноого катышкандыгы, ишкерчиликти мыйзамсыз жүргүзгөнү үчүн айыптап, президенттин мурдагы күйөө баласын 20 жылга, Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысын 15 жылга соттогон. Эң соңку ирээт Казакстандын Австриядагы элчиси кызматында иштеген Рахат Алиев болсо саясий жүйөөдөн улам куугунтукталып жатам деп эсептейт.