Бул тууралуу 26-мартта мекемеде болгон укук коргоочулар Төлөкан Исмаилова жана Азиза Абдырасулова билдирди. Төлөкан Исмаилованын маалыматы боюнча, абактагылар 19-мартта ачкачылык баштап, 26-мартта токтотушту. Акциянын чыгуусуна кылмыш төбөлдөрүнүн абактардагы бийлиги, азык-түлүк жана дары-дармек менен жетиштүү камсыздалбашы себепкер болгон. Абактарды кылмыш төбөлдөрүнүн колунан чыгаруу үчүн түзөтүү мекемелерин реформалоо,абактарды коомчулук тарабынан көзөмөлдөө зарыл.(AiT)