Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:01

11:40 Саламат Садыкованын таламын талашып Өндүрүш Токтоназаров пикетке чыкты


Элдик ырчыны филармонияга кайрадан кызматка алсын, анын тагдырына кайдыгер карабаш керек, деп Сокулук районунун тургуну Өндүрүш Токтоназаров “Саламатты сагындык”, “Садыковага бут тоспогула” деген плакаттарды жазып алып филармониянын алдына пикетке чыкты. Ал эми филармониянын директору Керим Турапов Эл ырчысы Саламат Садыкова өткөн жылы 23-апрелде өз каалоосу менен кызматтан бошогондугун, учурда штаттык бирдик жоктугунан кызматка кайрадан алууга мүмкүнчүлүк жоктугун, эгер орун болуп калса кызматка алышарын билдирди. Токтоназаров филармониянын жетекчисинин пикири менен макул эмес. Садыкова кайрадан кызматка алынып, сахнага ырдап чыкмайынча, нааразылык акциясын уланта берерин “Азаттыкка” кабарлады. (AJ)

XS
SM
MD
LG