Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:16

16:30 Президент К.Бакиев “Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду


Аталган Мыйзамда Салык кодексинин 9-беренсине “трафик”, “роуминг”, “тармактар аралык туташтыруу (интерконнект)” жана “транзиттик трафик” деген жаңы терминдер киргизилген. Ошондой эле, Салык кодексинин “Салыктан бошотулган берүүлөр жана салыктын нөлдүк өлчөмү менен белгиленген берүүлөр” деп аталган 26-бөлүгүнүн 142-2-беренеси, “Кыргыз Республикасынын байланыш операторлору тарабынан чет өлкөлүк байланыш операторлорунун абоненттерине роуминг, тармактар аралык туташтыруу (интерконнект) кызматын берүү, Кыргыз Республикасынын байланыш операторлору тарабынан эл аралык транзиттик трафик боюнча чет өлкөлүк байланыш операторлорунун абоненттерине байланыш кызматын берүү КНСтен бошотулат” деп толукталган. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. (AJ)

XS
SM
MD
LG