Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

АКШнын президенти келерки аптанын соңунда Орусияга келе турган болду


Жорж Буштун өзүнүн билдиргенине караганда, орус президенти Путин менен Сочиде өтүүчү жолугушууда АКШнын ракетадан коргонуу системасынын жабдууларын Чехия менен Польшада жайгаштыруу пландарына байланышкан маселелер талкууланат. Орусия АКШнын мындай планы анын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирерин айтып каршы чыккан. Бирок тараптар талашты чечүү үчүн сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Орус делегациясы ушул аптада Вашингтонго барды. Жорж Буштун айтымында, ал эки өлкө макулдашууга жете аларына оптимисттик көз карашта. АКШнын ырастоосунд Польша менен Чехияда орнотула турган жабдуулар АКШ менен Европаны Иран сыяктуу өлкөлөрдөн атылышы мүмкүн болгон ракеталардан коргоо үчүн керек. Жорж Буш Орусияга бул ирэт Путиндин чакыруусу менен келүүдө жана ага чейин НАТОнун Румыниядагы саммитине катышып, Хорватия менен Украинада болот.

XS
SM
MD
LG