Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Беларусияда журналисттердин үйлөрү менен кеңселери тинтүүгө алынууда


Мамлекеттик коопсуздук комитетинин кызматкерлери бүгүн өлкө боюнча ондогон көз карандысыз журналисттердин үйлөрү менен кеңселерин тинтүүгө алганын беларус журналисттеринин ассоциациясы билдирди. Тинтүү президент Александр Лукашенкону кордогон деп эсептелген материлдардан улам жүргүзүлгөн. Журналисттер ассоциациясынын башчысы Жанна Литвинанын айтымында, бул окуянын оппозициянын ушул шейшембидеги демонстрациясын чагылдыруу менен байланышы бар. Уруксат берилбеген ал митингке катышканы үчүн кеминде 20 адам, анын ичинде эки кабарчы 15 күнгө чейин түрмөгө кесилди.

XS
SM
MD
LG