Тибеттен түшкөн кабарларга караганда, жергиликтүү кечилдердин тобу бул жакка чет элдик журналисттердин сапарын уюштурган кытай бийликтеринин планын бузуп, батыш маалымат агенттиктеринин кабарчылары менен жолуга алган. Жолугушууда алар кытай бийликтери Тибетте дин эркиндигин сактабай жатканын билдиришкен. Кечилдер ошондой эле Тибеттин сүргүндөгү диний лидери Далай Ламанын жакында Тибетте орун алган тополоңдорго тиешеси жоктугун маалымдашкан. Чет элдик журналисттердин сапары кытай бийликтери тарабынан алар Тибеттеги кырдаал тынч экендигине ишенүүсү үчүн уюштурулган эле.