Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Президентти “Манас” аба майданынан Жогорку Кеңештин төрагасы, премьер-министр, президенттик администрациянын башчысы жана журналисттер тосуп алмакчы. Курманбек Бакиев 3-марттан бери Германияда эмгек өргүүсүндө жүрөт. Немис жергесинде президент менен жолугушуп келген Социал-демократиялык партиянын лидери Алмазбек Атамбаев Курманбек Бакиев Германияда бутун дарылатып жатканын билдирген.(AiT)