Бул тууралуу “Азаттыкка” жаштар эмгек биржасынын башчысы Азис Идрисов билдирди. “Ушул тапта кыз-жигиттер өспүрүм курактан тарта эле өз жанын өздөрү багууга тырышат. Биздин биржага кайрылган иш издеген өспүрүмдөрдүн саны жыл өткөн сайын арбып жатат. Мисалы өткөн жылы бир жарым миң улан-кыздар биржага кайрылган. Бирок мыйзам боюнча алар төрт сааттан ашык эмес иштеп, бирок маянаны башкалар менен бирдей эле алышы керек. Дал ошондуктан иш берүүчүлөр өспүрүмдөрдү ишке алууну каалашпайт. Бул проблеманы чечүү үчүн учурда биз иш берүүчүлөр менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз”,-дейт Азис Идрисов. (AiJu)