Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:27

11:20 М.Жуманов: Ислам динине душмандар ислам туралуу терс маалыматтарды таратууда


Жакында эле голландиялык режиссер Герт Вилдерс (Geert Wilders) ислам дини тууралуу терс маалыматтар топтолгон “Fitna” (Катаал күрөш) деген кинофильм тартып Интернетте жарыялаган. Ал мындан мурда Куран жөнүндө чуулгандуу китеп жазып, ал дагы мусулман журтунда чоң нааразылыкты жараткан эле. Анын ислам дини тууралуу терс маалыматтарды таратканы жана Куранга болгон терс пикирлер, жамандоолор бул ислам динин душмандарынын чыгарып жаткан иш аракеттери, деп билдирди “Азаттыкка” берген маегинде муфтий Муратаалы ажы Жуманов. Ал эми Журналисттер коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоевдин көз карашында ар бир адам өз пикирин билдирүүгө укуктуу. Бирок кандайдыр бир динди жамандап, улуттар аралык же диндер аралык жаңжал чыгарууну көздөп, укуктук жактан туура келбеген нерселерге каршы үгүттөсө андай адам мыйзамдын чегинде жаза тартуусу керек. (AJ)

XS
SM
MD
LG