Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

FITNA: ИСЛАМДЫ ЖАМАНДОО СӨЗ ЭРКИНДИГИНЕ ЖАТАБЫ ЖЕ ЭЭНООЗДУКПУ?


Жакында эле голландиялык режиссер Герт Вилдерс (Geert Wilders) ислам дини тууралуу терс маалыматтар топтолгон “Fitna” (Катаал күрөш) деген кинофильм тартып Интернетте жарыялады. Ал мындан мурда Куран жөнүндө чуулгандуу китеп жазып, ал дагы мусулман журтунда чоң нааразылыкты жараткан эле. Мына ушул маселенин айланасында “Азаттык” менен Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Муратаалы ажы Жуманов жана “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев ой-пикир бөлүшөт.



Голландиялык режиссер Герт Вилдерс (Geert Wilders)




Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Муратаалы ажы Жуманов




“Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев

Муратаалы ажы Жуманов: -Биринчиден ушул Исламга болгон, Куранга болгон ар түрдүү терс көз караштарды, жамандаган ой-пикирлерди дин душмандарынын чыгарып жаткан иш-аракеттери деп айтсак туура болот. Исламдын аброюна шек келтирүү үчүн, мусулмандарын аброюна шек келтирүү үчүн ар түрдүү ушундай фильмдерди тартып, китептерди жазып таратып жаткан ар кандай топтор албетте бар. Алар өздөрүнүн пендечилик оюнда ойлошу мүмкүн, ушинтип эле Исламды же пайгамбарды жамандап жазып койсок, мусулмандардын аброю төмөндөйт деп. Бирок алар катуу жаңылышат, себеби Исламдын аброюн түшүрүү же көтөрүү бир гана Жараткандын колунда. Бул пенденин колунан келбей турган иш. Мен жөнөкөй мусулман пендеси катары айтарым, Исламга шек келтирген уюмдар эч качан оңбойт, тилек-максатына жетпейт.

“Азаттык”: Марат мырза, кеп кезегин сизге берсек. Ушундай дин жөнүндө жазылган китептер, тартылган фильмдер сөз эркиндигине жатабы же бир инсандын жеке пикири деп кабыл алуу керекпи?

Марат Токоев: Ар бир адам тигил же бул маселе боюнча жеке пикирин билдирүүгө укуктуу. Бирок диний жана улут аралык касташууну чыгарууга жол бербей туроган чаралар мыйзамда каралган. Эгерде адам бир динди жамандап, диний касташууга чакырган же укуктарга каршы келген бир нерселерге үгүттөсө адам буга сөзсүз түрдө жооп бериши керек.

“Азаттык”:- Ошол интернетке жарыяланган фильмде ислам дини батыш цивилизациясын жок кылып дүйнөдө үстөмдүк кылуу үчүн аракет кылууда деп айтылат. Сиз буга кандай көз караштасыз?

Муратаалы ажы Жуманов: - Ислам дини эч качан бир адамдын укугун же аброюн басмырлоого чакырган эмес. Динибиз бир адамды мусулман кылууга мажбурлоого да чакырган эмес. Ислам пайгамбарыбыздан бери келаткан жолунда туура динди жайылтуунун гана аракетинде. Батыш дүйнөсүнө же кайсыл бир өлкөгө каршы чыгып, душманчылык кылып күч колдонууга үгүт насаат иштерин ислам эч качан жүргүзгөн эмес. Ошондуктан айрым бир адамдардын чочулоосунан улам гана чыгышы мүмкүн акылга сыйбай турган сөздөр. Менин оюмча мындай сөздөрдү Исламдын аброюн кетирүү үчүн душманчылык менен жасалып жаткан аракеттер катары айыптаймын. Марат туура айтып жатат, мыйзамдык чектен чыгып дин ортосунда касташууну же кагылышууну пайда кылып, мусулмандардын бүйрүн кызыта турган иштерди жасаса, ал албетте мыйзам алдында жооп бериши керек.

“Азаттык”^: -Мусулмандарды террордук аракеттерге чакырган уюмдар көбөйүп жатпайбы. Ислам дүйнөгө үстөмдүк кылган жатат деген пикирлердин чыгышына ушундай чакырыктар себеп болуп жаткан жокпу?

Муратаалы ажы Жуманов:- Эми ар түрдүү инсан болот, алар ар түрдүү ойдо болушат. “Ислам экстремисттери, террористтери” деген таптакыр туура эмес сөз. Жалаң эле ислам эмес, эч качан адамдын өлүмү менен коштоло турган же коопсуздукка коркунуч келтире турган жагдайларды дин жаратпайт жана андайга чакырбайт дагы. Туура, азыр исламдын ичинен чыгып, исламга жамынып алып, өзүнүн максатына пайдаланып жаткан ар түрдүү агымдар, партиялар бар. Бирок алар аз санда, алар жеке инсандардын расмий эмес пикирлери. Аларды жалпы ислам деп айтканга эч мүмкүн эмес.

“Азаттык”: Ошол голландиялык режиссердун фильми Кыргызстанда көрсөтүлсө, ал кандай реакция жаратат эле? Же башкача айтканда Кыргызстан мусулмандарынын арасында диний толеранттуулук же сабырдуулук канчалык өнүккөн?

Муратаалы ажы Жуманов:Кыргызстан мусулмандарынын арасында диний сабырдуулук абдан жакшы өнүккөн, анткени жетимиш жыл бою ар кандай диний бурмалоолорду, басмырлоолорду биздин ата-бабабыз баштан өткөргөн.Биз ошолордун балдары, перзенттерибиз. Өзүнүздөргө белгилүү мындан эки жыл мурда пайгамбарыбыздын карикатурасын чыгарып жибергенде да дүйнө мусулмандары көтөрүлгөн, ошондо да кыргыз мусулмандары түшүнүүчүлүк менен сабырдуу кабыл алып, карикатураны чыгарган өлкөлөрдүн элчилерин чакырып бетме-бет отуруп, кечирим сурагыла, бул туура эмес деп, мындай бир маданияттуу жол менен гана чечкенбиз. Көчөгө чыгып, кандайдыр бир акцияларды уюштурган эмеспиз. Эгер мусулмандардын аброюна тийишкен ушундай жаман аракеттер боло берсе, албетте, кыргыз мусулмандары буга эч качан кайдыгер болбойт. Жөн карап отурбайт, алардын өзүнө жараша туура, адамгерчилик жол менен жооп кылат.

“Азаттык”: - Марат мырза ислам динине жамынып алып мусулмандарды экстремисттик аракеттерге чакырып жаткандар боюнча Сиздин пикириңиз кандай?

Марат Токоев: - Экстремизм, терроризм десе эле ислам дини менен байланыштырып жатышпайбы. Бирок экстремизм же терроризм көрүнүштөрү башка өлкөлөрдө, ошол эле христиан дининдеги өлкөлөрдө деле көп болуп атпайбы. Ошол эле Испанияны, Түндүк Ирландиядагы болуп аткан мисалдарды алсаңар, аларда деле диний негизде уюшулган уюмдар бар, бирок алар жөнүндө андай деп айтышпайт. Негизинен исламдык экстремизм жөнүндө эле сөз кылышат. Буга балким айрым күчтөрдүн Фергана өрөөнүндө ислам халифатын түзүү боюнча аракеттери ушундай сөздөрдүн чыгышына себеп болуп жатса керек. Бирок экстремизм менен терроризмди дин менен түздөн түз байланыштырганга мен каршымын. Бул негизинен жеке максатын көздөгөн адамдардын иш-аракеттери болуп саналат.

Маектешкен Замира Кожобаева менен Айнура Жекше кызы
XS
SM
MD
LG