Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:04

15:10 Улуттук илимдер академиясында өткөн жылдын жыйынтыктары чыгарылды


Улуттук илимдер академиясынын президенти Шарипа Жоробекованын айтымында, өткөн жылы академиянын илимий мекемелери элүү долбоор боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүздү. Анын ичинен гуманитардык, табигый жана техникалык илимдер боюнча тогуз долбоор аяктап, натыйжада жаңы технология жана сынак үлгүлөр жаралды дейт Ш. Жоробекова. Өткөн жылы илимий изилдөөлөр үчүн казынадан 120 миллион сомго жакын каражат бөлүнгөн. Анткен менен академик А. Алдашев бул каражат толук кандуу иш үчүн жетишсиз болгондуктан, изилдөөлөр үчүн кошумча каражат изделип, анын суммасы 55 миллион сомго жеткенин айтты. Бүгүн Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясында өткөн жылдык сессияга өкмөт мүчөлөрү, ЖК депутаттары жана ЖОЖ жетекчилери катышышты.(AiJu)

XS
SM
MD
LG