Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:42

19:05 “Айыл банктан” кредит алуу кыйындап, айдоо аянттары айдалбай калуу коркунучунда


Карасуу районундагы Жылкелди дыйкан чарбасынын башчысы Самүдүн Атыкуловдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда жазгы талаа жумуштары күчөсө да, өкмөт Ош облусунун дыйкандарына бөлгөн 14 млн. 140 миң сом "Айыл банк" ачык акционердик коомунун райондордогу өкүлчүлүктөрү аркылуу кечеңдетилип таратылууда. Кредит үчүн документтердин көптүгү жана күрөө коюу системасынын татаалдыгы кыйынчылыктарды жаратууда. Ош облус губернаторунун орунбасары Болот Бүргөев дыйкандардын талабы негизинен туура экендигин белгилеп, аймакка бөлүнгөн максаттуу каражаттын жарымы таратылгандыгын, мындан ары кредит алууну жеңилдетүү жагын айыл банк чукул арада караштырып көрүү зарылдыгын кошумчалады. (АТо)

XS
SM
MD
LG