АКШнын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Марк Камерон менен Оштогу массалык маалымат каражаттарынын ресурстук борборунда өткөн жолугушууда ушундай пикирлер айтылды. Жергиликтүү ММКлардын өкүлдөрү мамлекеттик гезиттерди акционерлештирүү кечеңдетилип жаткандыгына, бийликтердин каржылоосу таптакыр токтотулгандыгына, менчик телерадиокомапнияларга жана басылмаларга мурдагыдай гранттар берилбей калгандыгына, аймакта айкындуулук таңкыстыкка айланып бараткандыгына кабатырланышты. Жолугушууга чакырылбаган журналисттер Оштогу ресурстук борбор айрым гана топтордун кызыкчылыгына иштеп калгандыгын айтышып, мындай маанилүү иш-чаралар ойлор сурамжылоо иретинде эмес, ачык диалог менен коштолсо, натыйжалуу болмоктугун билдиришти. (АТо)