Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:36

17:24 «Айылбанктан» кредит алуу кыйындап, жер аянттары айдалбай калуу коркунучунда турат


Карасуу районундагы «Жылгелди» чарбасынын башчысы Самүдүн Атыкуловдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, жазгы талаа жумуштары күчөсө да, Өкмөт Ош облусунун дыйкандарына бөлгөн 14 миллион 140 миң сомду «Айылбанктын» өкүлчүлүктөрү кечеңдетип таратууда. Кредит үчүн документтердин көптүгү жана күрөө коюу системасынын татаалдыгы кыйынчылыктарды жаратууда. Ош облус губернаторунун орун басары Болот Бүргөев дыйкандардын талабы негизининен туура экендигин белгилеп, аймакка бөлүнгөн максаттуу каражаттын жарымы таратылгандыгын, мындан ары кредит алууну жеңилдетүү жагын «АйылБанк» чукул арада караштырып көрүшү зарылдыгын кошумчалады. (АТо)

XS
SM
MD
LG