Өзбекстандын Наманган облусуна жасалган визит коңшу элдердин маданий экономикалык мамилесин чыңдоо, улуттар аралык достукту бекемдөө максатын көздөдү. Ноокен районундагы Үчкоргон айылынан барган кыргызстандыктар ал жерде өзбек калкынын улуттук каада-салттары менен таанышты. Коңшу элге кыргыз улуттук ыр-бий музыкаларынан түзүлгөн концерттик программа тартууланды. Мындай маалымат бүгүн Жалалабат облусунун Ноокен райондук бийлигинен алынды. Ноокен району Өзбекстан Анжиян жана Наманган облустарынын үч району менен чектешет. (YA)
17:25 Жалалабат облусунун өкүлдөрү достукту чыңдоо максаты менен Өзбекстанда болуп кайтышты