Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:49

17:28 Майлуусууда электр шамдарын чыгарчу заводдо декабрь айлыгы толук төлөнүп бериле элек


Электр шамдарын чыгарчу заводдун жумушчуларына декабрь айлыгы төлөнүп бүттү деген расмий билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Былтыркы жылдын акыркы айынын маянасы мурда иш таштаган жыйноо цехине гана төлөнгөн. Башкаруу аппараты менен калган 6-7 цехтин жумушчулары ушул күнгө дейре ал айлыктарын алыша элек. Мындай маалымат заводдун оңдоо цехинин башчысы Рустам Абдувалиевден алынды. Анын айтымында, зарыл каражаттарынын жетишсиздигинен токой, спираль чыгаруучу жана картонаж цехтери токтоп, ал цехтердин жумушчулары ишсиз жүрөт. Быйылкы жылдын үч айлыгы тууралуу али сөз боло элек, деп айтты Рустам Абдувалиев.

XS
SM
MD
LG