Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:40

АПТАДАГЫ МАДАНИЙ ОКУЯЛАР ХРОНИКАСЫ


Шейшемби күнү Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде “Кыргызстанга жөнөтүлгөн сүрөттөр” аттуу көргөзмө ачылды. Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен ачылган көргөзмөгө европалык сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлду. 2009-жылы бул долбоор Германиянын Берлин шаарында өтөт. Ага европа сүрөтчүлөрү менен бирге кыргыз кыл калем чеберлеринин да катышаары күтүлүүдө.

Бул аптада Кыргыз-Түрк Манас университетинде маркум адабиятчы, коомдук ишмер Салижан Жигитовду эскерүү кечеси өттү. Маркумдун туулган күнүнө арналган иш-чарага акын-жазуучулар, шакирттери жана окуу-жайда билим алып жатышкан улан-кыздар катышты.

Бул жумада жаш ырчы Мирбек Атабеков «Эки жерде эки” аттуу жеке концертин берди. Ырчынын продюсери Канат Култаев менен болгон коштошу концерти үч күнгө созулуп, аны куттуктап бир катар сахналаш достору катышты. Канат мырзанын билдиргенине караганда эми ал продюсердик борбор ачууну пландаштырууда.

“Кыргызфильм” киностудиясы “Курманжан Датка” аттуу көркөм тасма тартууну көздөөдө. “Улуттук Кыргызкино” концерндин вице президенти Абибила Пазылов кабарлагандай фильмдин сценарийи жазылып баштады. Мындан сырткары Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романын экрандаштырылат. Ошондой эле концерндин тематикалык пландары боюнча беш-алты сценарий кабыл алынган. Анын ичинде Болот Шамшиев, Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров жана башка режиссерлордун көркөм фильмдерге жазган сценарийлери бар.

Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрынын солисти Бактыбек Ыбыкеев жана концертмейстер Сайид Бекмуратовдун Жапониянын Токио шаарына болгон чыгармачылык сапары ийгиликтүү өттү. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей жапон музыка күйөрмандары кыргыз көркөм өнөр чеберлерин жылуу кабыл алышкан.

Москвада салтка айланган “Золотая маска” театр фестивалы ачылды. Анда Екатеринбург, Новосибирск, Санкт Петербургдан келген театр жамааттары конкурстук спектаклдерин тартуулашты. Фестивалдын алкагында “20- кылымдын легендарлуу спектаклдери” долбоору улантылды. Ошондой эле лауреттарга сыйлыктар тапшырылды.

Москва концерваториясынын чоң залында немец пианисти Лили Зильберштейндин концерти өттү. Аны Чайковский атындагы симфониялык оркестри коштоду.

Орус жазуучусу Максим Горькийдин 140 жылдыгына карата бул аптада маданий иш-чара уюштурулду. Анын алкагында адабий конференция өтүп, маркумдун чыгармаларынан окуу жүрдү. Ага Франция, Польша, Италия жана башка өлкөлөрдөн өкүлдөр келишти.

Жапонияда мындан 90 жыл мурда тартылган мультфильмдер табылган. Аны Осакодон жергиликтүү кызматкер табып алган. Булар кайсы бир учурда тартылган өтө эски мультфильмдер деп Токиодогу улуттук кинематографиялык борбор кабарлаган.

Лондондогу улуттук галлереядан Гитлерге тиешелүү болгон сүрөт табылган. Аны Британ музейинин кызматкерлери тастыкташкан. Ал эми сүрөттүн автору немец сүрөтчүсү Лукас Кранах болгон.

1741-жылы Джузеппе Гварнери жасаган, дүйнөдө эң кымбат деп эсептелген скрипка менен израиль музыканты Пинхас Цукерман Москвада бекер концерт берди. Орусиянын чон оркестринин коштоосунда өткөн бул кечеде Бах, Моцарттын чыгармалары жаңырды.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG