Кээ бир массалык маалымат каражаттары Арменияга элчиликке М. Йовановичтин талапкерлигин АКШнын президенти Ж. Буш көрсөткөнүн жазып чыгышты. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин коомдук байланыш бөлүмүнүн өкүлү Турат Макенбаев “Азаттыкка” билдиргендей, элчи айымдын Кыргызстанда иш алып баруу мөөнөтү ушул жылдын жай айында аяктайт, бирок анын Арменияга элчи болуп кетиши Вашингтондон расмий түрдө айтыла элек. Кыргызстанга элчи болуп дайындалаардан мурун, М.Йованович АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басарынын саясый маселелер боюнча кеңешчиси болуп иштеген.(MSu)