Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:25

14:15 Орусияда улутчулдардын кастык мамилесине негизинен Борбор Азия мамлекеттеринен келген мигранттар кабылууда


Бул тууралуу “Интерфакс” агенттиги орусиялык укук коргоочулардын маалыматтарына таянып жазып чыкты. 2008-жылдын башынан тартып Орусияда улутчулдардын зомбулук мамилесине 86 адам кабылган. Такырбаштардын кол салуусуна көпчүлүк учурда кыргыз, тажик, өзбек улутундагылар дуушар болгону айтылат. Үч ай аралыгында улутчулдардын колунан Орусияда он эки кыргыз жараны көз жумду. Адам укуктары боюнча Москва бюросунун жетекчиси Александр Броддун айтымында, скинхеддердин кол салуусу негизинен Москва шаарында, Москва областында жана Санкт-Петербургда катталууда.(MSu)

XS
SM
MD
LG