“Терроризм менен күрөшүү жана Борбор Азиядагы адам укуктары” аттуу эки күндүк конференция Алматы шаарында 1-апрелде башталат. Ага Борбор Азия мамлекеттеринен укук коргоочулар жана ар кыл бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү катышат. Тегерек столдо терроризм менен күрөшүүнүн жолдору, адам укуктарынын сакталышы жана башка бир топ маселелер каралат. (ESu)