“Таза коом” партиясынын тең төрагасы Табылды Акеровдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, анда 12-апрелде өтө турган Элдик курултайга даярдыктар талкууланат. Т. Акеров курултайды өткөрүү үчүн имарат маселеси чечилбей жатаканын айтты. “Биз төрт жерге имарат бөлүп берүү өтүнүчүбүз менен кайрылдык, бирок алардын бири да макулдугун берген жок. Бир да имарт берилбесин деген тапшырма президенттик администарциядан болгону да айтылып жатат. Бул маселе эртеңки отурумда каралат”, дейт Т. Акеров. Белгилүү болгондой, Акыйкат үчүн” кыймылы 29-мартта өтөөрү болжолдонуп жаткан Элдик курултайды президент келгенден кийин өтсүн деп, анын мөөнөтүн 12-апрелге жылдырган.(MSu)