“Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси дүйнө жүзүндө 2018-жылга чейин аялдардын лидерлигин күчөтүүгө арналган эл аралык конференцияда Кыргызстандын атынан доклад окуйт. 1-4 – апрель күндөрү АКШнын борбору Вашингтондо өтө турган конференцияга 35 өлкөнүн, анын ичинде Афганистан, Иран жана Ирактын лидер айымдары катышмакчы. “Вашингтондон түз эле Киевге барып ал жерде 6-10-апрелде өтүүчү “Демократиянын глобалдык” форумуна” катышам, деди Исмаилова сапар алдында. (AJ)