Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:07

10:50 М.Ниязов: Президент тарап өздөрүнүн кемчилигин башкаларага артып коюуга аракеттенүүдө


Эгерде президенттин ден соолугу тууралуу башынан эле так, ачык маалыматтар берилгенде, анда эч кандай ушактар чыкмак эмес. Азыркы кезде президент тарап өздөрүнүн күнөөсүн башкаларга оодарып салууга аракеттенүүдө, деп белгиледи Коомдук парламенттин мүчөсү, мурда атайын кызматтарда жетекчилик кызматтарда иштеген Мирослав Ниязов. Белгилүү болгондой президент Курманбек Бакиев “Время новостей” гезитине берген интервьюсунда анын ден соолугуна байланыштуу ушактарды атайын кызматтарда мурда иштеген кызматкерлер тараткан деп айыптаган. Кыргыз президенти 3-марттан 28-мартка чейин Германияда эмгек өргүүсүндө болуп, анын учурунда бутунун муундарын дарылаткан. Президенттин жоктугу учурунда анын катуу ооруп жатканы, жакындарынын арасындагы чыр-чатактар тууралуу ушак-айыңдар чыгып кеткен.(AiT)

XS
SM
MD
LG