Доо арызды жиберген сыналгынын түштүк аймагындагы деректири Асылбек Текебаев Жогорку Соттон экономикалык жана административдик иштер боюнча облустук соттун 17-марттагы аныктамасын жокко чыгарууну отунду.Облсот ошондо Жалалабат райондор аралык соттун 5-декабрдагы аныктамасын күчүндө калтырган. Райондор аралык сот сыналгынын мунарасына жер ажыраткан айыл өкмөт менен токой чарбанын буйругун мыйзамсыз деп таап, имарат менен мунараны башка жакка көчүрүп кетүү жөнүндө чечим чыгарган.(YA)