Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:32

16:30 ЖК комитети Кыргызстанда чатак салган тажик атуулдарынын окуясын териштирди


Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташуу комитети 26-мартта Баткен облусунда Кыргызстандан барган суунун токтотулушуна нааразы болуп жаңжал чыгарган тажик жарандарынын окуясын талдап, чечим кабыл алды. Ага ылайык кыргыз өкмөтү тажик бийликтери менен бирге чек арадан мыйзамсыз өтүүгө каршы атайын иштерди жүргүзүүгө милдеттендирилди. Чек ара коопсуздугун жана туруктуулукту сактоо үчүн эки өлкөнүн өкмөтү мезгил-мезгили менен кеңешме өткөрүп туруу сунушу берилди. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы бул окуяга көңүлгө алып, парламенттин тиешелүү комитетинин өкүлдөрү менен болгон жолугушууда чек арадагы жаңжалдардын алдын алуу боюнча иштери тууралуу маалымат берүүсү керектиги айтылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарланды. (EBM)

XS
SM
MD
LG