Кечээ өлкө башчысы Курманбек Бакиев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү маселелери, Курманбек Бакиевдин ушул жылдын 17-18-апрелине белгиленген Казакстанга расмий сапарынын жана Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку мамлекеттер аралык Кеңешинин биринчи отурумунун күн тартиби талкууланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)