Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Киевде оппозиция НАТОго кирүүгө каршы акция өткөрөт


АКШ президенти Жорж Буш Украинанын жетекчилиги менен бүгүн жолугушат. Кечээ кечинде Киевге иш сапары менен келген Буш президент Виктор Ющенко жана премьер-министр Юлия Тимощенко менен жолугушуп, Украинанын НАТОго кирүү аракетин колдоого алары болжолдонууда. Киевде Украинанын НАТОго мүчө болуп кирүү демилгесине каршы чыккандар көчөлөрдө нааразылык акциянын өткөрүшү күтүлүүдө. Буштун Киевге болгон сапарынан кийин НАТОнун саммити өтө турган Бухарестке Ющенко да бара турган болду

XS
SM
MD
LG