Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:30

12:48 “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы БШКны сотко берди


Коалиция Борбордук шайлоо комиссиясынан өткөн жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын “Маалыматтын айкындуулугу” жөнүндөгү мыйзамга ылайык берүүнү талап кылган. Бирок БШКнын жообу коалицияны канааттандырбай, ал Бишкектеги райондор аралык сотко кайрылган. Райондор аралык сот ишти кароого 31-мартта киришип, бирок маселе райондук сотто каралыш керек деген жүйөө менен ишти Биринчи май райондук сотко өткөрүп берген. “Эми Биринчи май райондук соту биздин арызды качан караарын күтүп жатабыз”,-деп белгиледи “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын башчысы Динара Ошурахунова бүгүн “Азаттыкка”.(AiT)

XS
SM
MD
LG