Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер жана парламенттик кызматташуу комитети Баткен районунда 26-мартта болгон окуяны 31-мартта талкуулап, окуя боюнча күч структураларынын маалыматын укту. Комитет отурумунда Тажикстандын Исфара районунун акими баш болгон 150дөй тажик атуулдарынын Кыргызстан чегине кирип келишине олуттуу тынчсыздануу билдирилип, андай окуяга жол бербеш үчүн тийиштүү чараларды көрүү күч министрликтерине тапшырылды. Ошондой эле чек ара окуясына баа берүү Коопсуздук кеңешке сунушталып, Тышкы иштер министрлигине чечкиндүү чараларды көрүү тапшырылды. Бул тууралуу комитеттин төрагасынын орун басары Кабай Карабеков бүгүн билдирди. Анын пикиринде, Баткенде болгон окуяда өлкөнүн чек арасы бузулуп, коопсуздугуна коркунуч келтирилген. Анткени кыргыз жерине кирип келген тажик акими тапанча менен, башка айрым атуулдары автомат менен куралданган эле.(AiT)