Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:30

15:36 “Ата Мекен” партиясынын жаштар канаты президенттин басма сөз тууралуу сөзүнө тынчсызданууда


Президент 31-мартта өкмөттүн жыйынында журналист Аркадий Дубновго шилтеме жасап, Кыргызстанда маалымат каражаттары өтө эле эркин экендигин, алар чектен ашып кетерин билдирген. “Биз Бакиевге Кыргызстанда маалымат каражаттары кандай кыйынчылыктарды башынан кечиргенин, учурда бир дагы көз карандысыз телеканал калбаганын эскертип коелу дедик. Эркин гезиттер чындыкты жазганы үчүн катуу басым астында турат. Биз абройлуу “Время новостей” гезитинин кабарчысынын сөзү эркин маалымат каражаттарына басымды күчөтүүгө алып келбейби деп чочулайбыз”,- деп жазылган “Ата Мекен” партиясынын жаштар канатынын бүгүнкү билдирүүсүндө.Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев жаш саясатчылардын тынчсыздануусу негизсиз экенин жана алардын билдирүүсү президенттин сөзүн туура эмес түшүнгөндүктөн келип чыкканын “Азаттыкка” билдирди.(AiT)

XS
SM
MD
LG