Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:39

17:21 Жалалабатта профсоюздардын облустук уюмунун төрагасы алмашты


Облустук кесиптик кошуундардын кезексиз пленумунда уюштуруу маселеси каралды. Ага катышкан пленумдун 25 мүчөсү профсоюздардын облустук кеңешинин мурдагы төрагасы Уламсабыр Акматовго ишеним көрсөтүшкөн жок. Алар толугу менен областтык кеңештин төрагалыгына көрсөтүлгөн Расул Кадыровдун талапкерлигин жактап чыгышты. Илим-билим жана медицина тармактарындагы профсоюздардын башчылары Акматовдун ишмердигине нааразы болушуп, аны өзүм билемдиги жана жолдомолорду бөлүштүрүүдөгү, автоунааларды иштетүүдөгү мыйзам бузууларын сынга алышты. Уламсабыр Акматов кесиптик кошуундар реформаланышы керектигин белгилөө менен кызматтан өз ыктыяры менен кеткендигин жана облустук аймактык профсоюз кеңешине төрага болгондугун билдирди. Анын айтымында айыл өкмөт, район-шаарларда жаңы уюмдун жыйындары өтүп жатат. (YA)

XS
SM
MD
LG