Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:57

17:25 Өзгөчө кырдаал министрлиги Ошко көчүрүлүп, 1-апрелден тартып толук кандуу иштей баштады


Бул туурасында өзгөчө кырдаал министри Камчыбек Ташиев Оштогу маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, Бишкекте министрдин бир орун басары жана 45 кызматкери гана калды. Ал эми борбордон келген 65 киши жаңы үй салынгыча убактылуу ижарага алынган квартираларда турушат. Өкмөт тарабынан мекемени көчүрүүгө бөлүнгөн 7 миллион сомдун 1 миллиону гана сарпталып, көп каражат үнөмдөлдү. Оштук серепчи Нооманжан Давыдов Өзгөчө кырдаал министрлигин гана эмес бүтүндөй Өкмөттү Ошко көчүрүп, борборду да ушул жакка жылдырууну эп көрөөрүн, антмейинче түштүктөгү саясий-экономикалык көп маселелерди чечүү улам кыйындай берээрин каңкуулады. (АТо)

XS
SM
MD
LG