Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

ОШ ШААРЫНЫН ДЕПУТАТТАРЫ МИТИНГ-ЖЫЙЫНДАРГА КАРШЫ ДЕМИЛГЕ КӨТӨРҮШТҮ


Кыргызстандын түштүк башкалаасында шаардык Кеңештин айрым депутаттары чогулуштарга, жүрүштөргө, демонстрацияларга, митинг-пикеттерге, манифестацияларга мораторий жарыялоо демилгесин көтөрүшүүдө. Кээ бир жарандар мындай кадам стабилдүүлүк үчүн зарылдыгын белгилешсе, каршылаштары конституциялык укук бузулуп, демократиянын өнүгүшүнө кесепети тиет деген пикирде.

Ош шаардык кеңешинин депутаты Авазбек Асановдун пикиринде, мыйзамсыз аракеттерге тыюу салуу - Конституцияга ылайык көрүнүш. Мындан трагедия жасоонун кажети жок. Анын үстүнө башаламан акциялардан карапайым калк тажады.

- Тынч митинг, чогулуштарды мыйзам чегинде уруксат алып өткөрсө, ага эч ким тоскоолдук кыла албайт. Анан өздөрү эле чыгып пикет, митинг өткөрсө мен туура эмес деп эсептейм. Мыйзамсыз аракеттерге тыюу салынгандыгы Конституцияга сыят.

Калаа тургуну Манас Жээнбаев мекендештери, анын ичинде жердештери эгемендүүлүк жылдарында ар кандай митинг, пикеттерден чарчагандыгын өзгөчө белгиледи. Ага улай мындан мамлекет алсырап, а түгүл экономикалык-саясий жактан эсепсиз зыян тарткандыгын, ошол себептүү тынч чогулуштарга мораторий жарыялоо учур талабы экендигин жашырган жок:

- Бизге стабилдүүлүк гана керек деп ойлойм, мораторий идеяны ким көтөрүп чыкса дагы туура деп эсептейм.

«Жаңы Кыргызстан» партиясынын Ош шаардык төрагасы Замир Бөжөнов жарандардын иш-чараларына мораторий киргизүүнү же мерчемдүү жерде гана өткөрүүнү чектөөнү аша чапкандык катары эсептейт. Мекендештеринин констициялык укугун тебелеген кадамдарга жол бербөөгө чакырат. Ошол эле учурда ушундай аракеттер жүзөгө ашса, өлкөдөгү демократиянын өнүгүшүнө сөзсүз кедергисин тийгизет деп кооптонот:

- Биринчиден, бул Конституцияга каршы адам укугун чектегендик болуп эсептелет. Биз демократиялык коомдо өнүгөбүз деп атат. Бул жат көрүнүш, аны мен колдобойм, - деп кабатырланды Замир Бөжөнов.

Ош шаарынын мэри Жумадыл Исаков «Азаттыкка» курган маегинде «мораторий маселе чечпейт, тескерисинче, кырдаалды курчутат. А бирок борбордук аянтта тынч жана куралсыз жыйындарды өткөрүү анын айланасында жайланышкан Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин, ошондой эле бир топ мекеме-уюмдардын ишине жолтоолук кылып жаткандыгын унутпаганыбыз оң. Ошол себептүү мындай акцияларга ылайыктуу башка жер караштырылууда», - деген пикирин билдирди:

- Мораторий жарыялап койсо эле бул маселе чечилбейт. Кайсы партия, же уюм өткөрсө сөзсүз мыйзамдын негизинде мэрияга кайрылыш керек. Борбордук аянтынын жанында айыл чарба институту, музыкалык мектеп бар, ошол жерге пикеттерди өткөрсө окуу процессине кандай таасир этет. Биз азыр депутаттарга кат даярдап атабыз, шаардын кайсы жерине уруксат берет деп.

XS
SM
MD
LG