Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:39

7:15 Коомдук парламент президентке кайрылуу жолдоду


Анда Баш мыйзамдын бир нече беренелерине жана "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү“ мыйзамга ылайык “Акыйкат үчүн” коомдук кыймылы жана Коомдук парламент түзүлгөнү айтылып, коомдук уюмдар Конституциянын 23-статьясына таянып 29-мартта Элдик Курултай өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алганы белгиленген. Ошондой эле аткаруу бийлигинин ар кандай тоскоолдуктары жана курултай өткөрүүгө имарат бербей жатканы айтылган. Кайрылууда Бакиев президент болгонго чейин мурдагы бийликтен ушундай тоскоолдуктарга кабылганы, анын “бийликтин аткаруу бутагынын, парламенттин, президенттин ишине баа берген кандай гана болбосун оппозиция же кандай гана болбосун орган менен мыйзамдуу жана конструктивдүү иштешиш керек” деген сөзү эскертилген. Коомдук парламент президенттен Конституциянын кепили катары бийлик органдары тарабынан көрсөтүлүп жаткан кысымдарды жана тоскоолдуктарды токтотуп, 12-апрелде “Кыргызстандын тарыхый тажрыйбасы, бүгүнкү абалы жана келечеги” деген аталыштагы Элдик курултай өткөрүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн. (AJ)

XS
SM
MD
LG