Парламенттик шайлоо бурмалангандыгынан БШК шайлоонун жыйынтыгын коомчулукка жарыялабай жатат, деген пикирин билдирди “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошуракунова “Азаттыкка” берген маегинде. Коалиция Борбордук шайлоо комиссиясынан өткөн жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын “Маалыматтын айкындуулугу” жөнүндөгү мыйзамга ылайык берүүнү талап кылган. Бирок БШКнын жообу коалицияны канааттандырбай, ал Бишкектеги райондор аралык сотко кайрылган. Райондор аралык сот ишти кароого 31-мартта киришип, бирок маселе райондук сотто каралыш керек деген жүйөө менен ишти Биринчи май райондук сотко өткөрүп берген. (AJ)