Расмий эмес маалыматтарга караганда учурда өлкөнү башкарып жаткан партия жана оппозициянын өкүлдөрү өлкөнү көп жылдан бери башкарып келаткан Роберт Мугабени отставкага кетирүүнүн шарттары жөнүндө сүйлөшүүдө. Ишембиде өткөн президенттик шайлоонун жыйнтыктары азырынча жарыялана элек. Алдын ала маалыматтарга караганда оппозициядан талапкер Морган Свангирайи шайлоодо Мугабеден оозуп чыккан. Ошол эле күнү өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо да оппозиция алдыга чыкканы маалымдалууда.